көп2

китептерде 2236 жолу, 10 китепте көп 1 →көп 3 →
  1. Саны, көлөмү, салмагы ж.б. жагынан арбын, аз эмес, мол, басымдуулук кылгыдай абалда.
  2. Бир нерсенин теңинен ашыгы, көпчүлүк бөлүгү, арбын жагы.
  3. Бир канча жыл же бир канча ай өткөн узак мезгил, бир топ убакыт.
  4. Көпчүлүк эл, жалпы масса, көпчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айткандардан укканым: / Кийгени аппак буладан, / Мингени буурул жоргодон, / Салганы шумкар койкойгон, / Күйүт тарткан немедей, / Күлбөгөн мерез сомсойгон” / Бала баатыр Карадөө, / Атасынан көп уккан, / Жолу болсун Семетей, / Жолборс эле деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен ушунун жумушун көп кылдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →