көгөр2

китептерде 128 жолу, 9 китепте көгөр 1 →
  1. Оюндагысын, көздөгөнүн бербей тырышуу, көшөрүү, өжөрлөнүү, беттегенинен кайра тартпоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аралап кирген жеринде, / Болот менен кайсалап, / Туулга кийген немесин, / Балта менен талкалап, / Сүрдүгүп келген немесин, / Найза менен көмөрүп, / Өжөрлөнүп Бактыбай, / Өчөшүп кирди көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч бе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…згө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап ол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →