көгөр1
- Көк болуу, көк тартуу, көк түскө өтүү.
- Көпкөк болуп аябай үшүү.
- Нымда көп турган нерсенин бетине түктүү, үлпүлдөк, өңөр сыяктуу көк нерсе пайда болуу.
- Көктөө, өсүү (өсүмдүктөр жөнүндө).
- өт. Өсүп-өнүү, өркүндөө, жетилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аралап кирген жеринде, / Болот менен кайсалап, / Туулга кийген немесин, / Балта менен талкалап, / Сүрдүгүп келген немесин, / Найза менен көмөрүп, / Өжөрлөнүп Бактыбай, / Өчөшүп кирди көгөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч бе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн көгөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…згө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап ол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →