күбө2

китептерде 24 жолу, 5 китепте күбө 1 →
  1. Окуяны, болгон ишти ж.б. өз көзү менен көргөн, билген, бир нерсенин аныктыгын же төгүндүгүн далилдей ала турган адам.
  2. Үйлөнүп жаткан эки тарап (эркек, аял) үчүн нике кыюу мезгилинде далилдик иретинде катышкан адам.
  3. Белги, далил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муруту келет чоң кучак, / Будайык кандын муз бурчак, / Айдар кандын эр Көкчө / Бардашы журттан бөлөкчө, / Көк күбө чопкут тон кийген, / Көк ала сындуу ат минген, / Музбурчак, Көкчө - эки хан, / Казактан экөө келаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тетиги кыйамат күбө болгуча, / Көмүлбөс сөзү дастандын, / Тирүүлөй кеткен арстанды, / Беш кишини мен айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак күбө тонуң чечилди, / Айбалтаң мизи кетилди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →