күбө1
- Жүнгө, жүндөн жасалган буюмдарга, кийим-кечеге, данга ж.б. зыян келтирүүчү көпөлөк курту жана анын көпөлөгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муруту келет чоң кучак, / Будайык кандын муз бурчак, / Айдар кандын эр Көкчө / Бардашы журттан бөлөкчө, / Көк күбө чопкут тон кийген, / Көк ала сындуу ат минген, / Музбурчак, Көкчө - эки хан, / Казактан экөө келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тетиги кыйамат күбө болгуча, / Көмүлбөс сөзү дастандын, / Тирүүлөй кеткен арстанды, / Беш кишини мен айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак күбө тонуң чечилди, / Айбалтаң мизи кетилди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →