кыйык2
- Тил албас, кежир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таластагы Манаска, / Алты күндө барасың, / Жети күнгө калганда, / Кыраан Манас баатырдын, / Кыйыгына каласың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ким болсоң сен өзүң, / Эл-жериңди айта сал, / Кыйыгыма тийбесең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйыгына тийбейли, / Кыраан Семең жолборстун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…, / Алдын ала камынып, / Кем-керчи жок жай кыл, деп, / Алдырып салсак окустан, / Арман кылбай калгын, деп, / Чогууга келген бул журтту, / Токсон алты улукту, / Кыйыгы чыккан немесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →