кыйык1

китептерде 36 жолу, 8 китепте кыйык 2 →
  1. Нерсенин (мис., кездеменин) кесиндиси.
  2. Эки кесиндинин бириктирилген жери.
  3. Сөздүн, иштин ыгы, эби, ыңгайы.
  4. диал. Кулактын капталынан кыйылып салынган эн.
  5. эск. Жамбыны байлоочу жип.
  6. Бута.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таластагы Манаска, / Алты күндө барасың, / Жети күнгө калганда, / Кыраан Манас баатырдын, / Кыйыгына каласың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ким болсоң сен өзүң, / Эл-жериңди айта сал, / Кыйыгыма тийбесең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйыгына тийбейли, / Кыраан Семең жолборстун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…, / Алдын ала камынып, / Кем-керчи жок жай кыл, деп, / Алдырып салсак окустан, / Арман кылбай калгын, деп, / Чогууга келген бул журтту, / Токсон алты улукту, / Кыйыгы чыккан немесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →