куур1

китептерде 82 жолу, 10 китепте куур 2 →
  1. Өтө эски, каткан, куудураган (көбүнчө териден жасалган кийим-кечеге карата айтылат).
  2. Суу өткөрүүчү эндүү түтүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененимге барып кел, / Кесип башын алып кел, / Көөкөргө канын куйуп кел, / Жүрөгүн кошуп сууруп кел, / Ак калпак кыргыз дегендин, / Заманасын кууруп кел, / Бар дебедим Асылга, / Мындан мурун сени мен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алда кандай болду, деп, / Алапайы куурулуп, / Айласы мунун кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ны менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камынтып Жамгыр кууруптур, / Кечкурун балдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →