куур2
- Картошканы, этти, балыкты ж.б. казанга, мискейге салып, ысык өткөрүү, кызытуу аркылуу куурулган, куурулуп бышкан абалга келтирүү.
- Эгинди талкан кылууга же жөн жешке даярдоо үчүн ушундай жол менен какшытуу, кызытуу.
- өт. Кактоо, аябай ысытып жиберүү.
- өт. Жемелөө, безелене тилдөө, тили менен каргап жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кененимге барып кел, / Кесип башын алып кел, / Көөкөргө канын куйуп кел, / Жүрөгүн кошуп сууруп кел, / Ак калпак кыргыз дегендин, / Заманасын кууруп кел, / Бар дебедим Асылга, / Мындан мурун сени мен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алда кандай болду, деп, / Алапайы куурулуп, / Айласы мунун кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ны менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Камынтып Жамгыр кууруптур, / Кечкурун балдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →