куйма2
- Бедизчилик технологиясында бедиз чыгармасын металлдан коло, цинк, чоюндан куюп жасоо ыкмасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анга, / Койо берип Кеңкула, / Белеске жакын калганда, / Куйругун булгап Кеңкула, / Бурулуп жолго салганда, / Эркиндик келип Тору атка, / Кош айтышкан маалда, / Куймалуу алтын үзөңгү, / Теппей ыргып Бекбача, / Баса минди тору атка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыргактан уккан кеп менен, / Манаска жетип барыптыр, / Аккула көрүп арстаның, / Кыл мурутун имерип, / Ырсаңдап күлүп жиберип, / Куйма темир үзөнгү, / Теппей ыргып минди эми, / Суунун бойлоп жээгин, / Каканды карай жүрдү эми, / Коңурбайдын изине, / Сайа кууп кирди эми, / Талыкпас күлүк Аккула,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бешкулактын кийгени, / Алты кабат күрөкө, / Күрөөкөнүн сыртында, / Бутта калдыр теминген, / Көөдөнүндө чарайна, / Калдыраган темирден, / Башындагы туулга, / Баары чойун келишкен, / Куйма чойун жиги жок, / Отко салып эриткен, / Далыда калкан үч кабат, / Бешкулак каапыр келайтат, / Араң жылып пил менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйушканы куйма алтын, / Купалары келишкен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көргөн пенде жараткан, / Үзөңгү куйма алтындан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →