куйма1

китептерде 19 жолу, 4 китепте куйма 2 →
  1. Эки же андан көп металлдарды, металл элементтерин, кычкыл заттарды, органикалык заттарды ж.б. бирге эритүүнүн негизинде алынган бир тектүү зат.
  2. Дарыянын, суунун көлгө, деңизге, мухитке (океанга) кошулган жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анга, / Койо берип Кеңкула, / Белеске жакын калганда, / Куйругун булгап Кеңкула, / Бурулуп жолго салганда, / Эркиндик келип Тору атка, / Кош айтышкан маалда, / Куймалуу алтын үзөңгү, / Теппей ыргып Бекбача, / Баса минди тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыргактан уккан кеп менен, / Манаска жетип барыптыр, / Аккула көрүп арстаның, / Кыл мурутун имерип, / Ырсаңдап күлүп жиберип, / Куйма темир үзөнгү, / Теппей ыргып минди эми, / Суунун бойлоп жээгин, / Каканды карай жүрдү эми, / Коңурбайдын изине, / Сайа кууп кирди эми, / Талыкпас күлүк Аккула,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бешкулактын кийгени, / Алты кабат күрөкө, / Күрөөкөнүн сыртында, / Бутта калдыр теминген, / Көөдөнүндө чарайна, / Калдыраган темирден, / Башындагы туулга, / Баары чойун келишкен, / Куйма чойун жиги жок, / Отко салып эриткен, / Далыда калкан үч кабат, / Бешкулак каапыр келайтат, / Араң жылып пил менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйушканы куйма алтын, / Купалары келишкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көргөн пенде жараткан, / Үзөңгү куйма алтындан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →