кордо2

китептерде 16 жолу, 7 китепте кордо 1 →кордо 3 →
  1. Кемтигин, айыбын же башка жактарын айтып кемсинтүү, шылдыңдоо, ызалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кечиринен кесилип, / Гүлчоро кордук көргөнүн; / Семетей кайып болгонун, / Каныкей менен Бакайды, / Элден чыккан чыккынчы, / Канчоро кордоп койгонун; / “Колдо туруп билинбейт, / Камчыдан башка курал жок, / Койнунда жатып билинбейт, / Катындан башка душман жок” / Жалпы ургаачы болгонго, / Жаманатты … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыз эли кордолуп, / Карылып, Банус, Сынчыбек, / Алооке, Дөөкан, Мурадил, / Алардан келет күндө кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лып мен бардым, / Намыс кылып арданып, / Кантип адам болом, деп / Сулууну албай кур калып, / Кошуунум бар кол бууган, / Он балбан чыкты бул элден, / Мага окшош кордолгон, / Кордолуш жолу бул болгон: / Биринин алган мал-пулун, / Маа окшотуп какшатып, / Биринин алган сулуусун, / Өңү жылуу экен, деп / Биринин алган өз кызын, / Жак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күңгүрөнүп Гүлчоро, / Канчорого кеп айтат: / «Ант урган, чоро кордодуң, / Кордобой эмне койгонуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой, кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →