кордо1
- диал. Күрүчтөн айран катыкталып жасалган көжө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кечиринен кесилип, / Гүлчоро кордук көргөнүн; / Семетей кайып болгонун, / Каныкей менен Бакайды, / Элден чыккан чыккынчы, / Канчоро кордоп койгонун; / “Колдо туруп билинбейт, / Камчыдан башка курал жок, / Койнунда жатып билинбейт, / Катындан башка душман жок” / Жалпы ургаачы болгонго, / Жаманатты …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыз эли кордолуп, / Карылып, Банус, Сынчыбек, / Алооке, Дөөкан, Мурадил, / Алардан келет күндө кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лып мен бардым, / Намыс кылып арданып, / Кантип адам болом, деп / Сулууну албай кур калып, / Кошуунум бар кол бууган, / Он балбан чыкты бул элден, / Мага окшош кордолгон, / Кордолуш жолу бул болгон: / Биринин алган мал-пулун, / Маа окшотуп какшатып, / Биринин алган сулуусун, / Өңү жылуу экен, деп / Биринин алган өз кызын, / Жак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күңгүрөнүп Гүлчоро, / Канчорого кеп айтат: / «Ант урган, чоро кордодуң, / Кордобой эмне койгонуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой, кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →