коко1

китептерде 13 жолу, 8 китепте коко 2 →
  1. Кекиртектин алкымга тушташ жогорку бөлүгү.
  2. Кекиртектин алкымга тушташ жериндеги уркуюп чыгып турган кемирчек калканы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атынан түшө калышып, / Белинде курдан алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап силкишип, / Тизелей түшүп оңолуп, / Жыгылганы жок болуп, / Жер кучактап торойуп, / Көөдөндөшүп тирешип, / Тепе-тең турат соройуп, / Баштарында туулга жок, / Кокодой башы кодойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурбай менен Жолойдун, / Талап алса топозун, / Унчугушпай шүк болду, / Созушуп гана кокосун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кокого сайып найзалап, / Койбой жанын алдыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →