коко2
- Сөңгөгү жоон, тикенектүү, далдагай жазы жалбырактуу куурай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атынан түшө калышып, / Белинде курдан алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап силкишип, / Тизелей түшүп оңолуп, / Жыгылганы жок болуп, / Жер кучактап торойуп, / Көөдөндөшүп тирешип, / Тепе-тең турат соройуп, / Баштарында туулга жок, / Кокодой башы кодойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай менен Жолойдун, / Талап алса топозун, / Унчугушпай шүк болду, / Созушуп гана кокосун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кокого сайып найзалап, / Койбой жанын алдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →