кеч3

китептерде 344 жолу, 10 китепте кеч 1 →кеч 2 →
  1. Кыйылбай, аянбай таштап салуу, карабоо, мейли деп коюу, аёо кылбоо.
  2. Туугандык, жакындык мамилени үзүп, араздашып калуу, кетишүү.
  3. Ичине кек сактабай, айыбын, күнөөсүн кечирип коюу, айып этпөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн кеч кирип барайтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →