кеч2
- Агын суудан (кечүүдөн) өтүү, суу токтогон же суу каптаган жер менен басуу, жүрүү.
- өт. Баштан өткөрүү, жашап, көрүп өтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн кеч кирип барайтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →