кесим2

китептерде 9 жолу, 5 китепте кесим 1 →
  1. Чечим, өкүм, бүтүм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мазарга башын чыгартып, / Эки күлүк күрөңдүн, / Эти жетпейт элге, деп, / Кыргыздан башка кишиге, / Кылайтып кесип бербе, деп, / Ата уулу кылып кыргызга, / Бир кесимден жеткирди, / Башка аттан кабар жок, / Антип күнү кечкирди, / Моңгул менен уссундар, / Шибе-солон ушулар / Анжу менен манжулар / (Анжуну кийин кидан деп, / Айтыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…урбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ысык өтпөй бул элге, / Чечек чыгып чаар болбойт, / Илбирс жүрөт ар жерде, / Эти бышып катпайбы, / Бир кесимден жегенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алып кирсе Бейжинге, / Белдүүнүн баары Бейжинде, / Кумурскадай кымылдайт, / Ким тең келет бул элге, / Бир кесимден кескилеп, / Талап кетет жөн эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Пилдин этин бербесең, / Бир кесим андан жебесем, / Сары зил агып суу кусуп, / Саргарып жатып мен өлөм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →