кесим1
- Кесилип алынган бир бөлүк, кесинди.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мазарга башын чыгартып, / Эки күлүк күрөңдүн, / Эти жетпейт элге, деп, / Кыргыздан башка кишиге, / Кылайтып кесип бербе, деп, / Ата уулу кылып кыргызга, / Бир кесимден жеткирди, / Башка аттан кабар жок, / Антип күнү кечкирди, / Моңгул менен уссундар, / Шибе-солон ушулар / Анжу менен манжулар / (Анжуну кийин кидан деп, / Айтыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…урбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ысык өтпөй бул элге, / Чечек чыгып чаар болбойт, / Илбирс жүрөт ар жерде, / Эти бышып катпайбы, / Бир кесимден жегенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алып кирсе Бейжинге, / Белдүүнүн баары Бейжинде, / Кумурскадай кымылдайт, / Ким тең келет бул элге, / Бир кесимден кескилеп, / Талап кетет жөн эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Пилдин этин бербесең, / Бир кесим андан жебесем, / Сары зил агып суу кусуп, / Саргарып жатып мен өлөм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →