кесек1
- Талкаланган, майдаланган нерсенин чоңураак бөлүкчөсү, бүтүн калган бөлүгү.
- Дубал согуу же башка нерселерди куруу, тургузуу үчүн ылайдан тоголоктолгон топурак.
- Майда эмес, анча майдаланбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Абаңдын жели күч экен, / Жону талаа түз экен, / — Түшпөдү мага салмагы, / Чиркей болуп калганбы, / Кесек иттер, тепсе!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төрдө жаткан эр Көкчө, / Түктүйүп өңү бөлөкчө, / Башын өйдө көтөрүп: / — Оңолбогон кесек ит, / Оолактап кайда барасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте жүргөндө, / Оймоктуудан уз алдың, / Бети кызыл кыз алдың, / Өңү жылуу катынды, / Эринен тартып аны алдың, / Элебей жүрүп дердейип, / Элден чыгып сен калдың, / Аралап барсаң айылга, / Ажалдан мурун өлөсүң, / Чалма кесек таш менен, / Такыр урат камалап, / Биринен бири кабарлап, / Келе берет сабалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кара бойу дал болуп, / Кармалбай колдор шал болуп, / Оодарышып жүргөн жер, / Таштын баары кум болуп, / Кесек топо калган жок, / Тозуп кетти ун болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Унчукпас мылтык ок атып, / Оңолбогон кесек ит, / Ичиме салдың малалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →