кесек2

китептерде 11 жолу, 4 китепте кесек 1 →
  1. Өңчөй, ылгый, жалаң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Абаңдын жели күч экен, / Жону талаа түз экен, / — Түшпөдү мага салмагы, / Чиркей болуп калганбы, / Кесек иттер, тепсе! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төрдө жаткан эр Көкчө, / Түктүйүп өңү бөлөкчө, / Башын өйдө көтөрүп: / — Оңолбогон кесек ит, / Оолактап кайда барасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте жүргөндө, / Оймоктуудан уз алдың, / Бети кызыл кыз алдың, / Өңү жылуу катынды, / Эринен тартып аны алдың, / Элебей жүрүп дердейип, / Элден чыгып сен калдың, / Аралап барсаң айылга, / Ажалдан мурун өлөсүң, / Чалма кесек таш менен, / Такыр урат камалап, / Биринен бири кабарлап, / Келе берет сабалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара бойу дал болуп, / Кармалбай колдор шал болуп, / Оодарышып жүргөн жер, / Таштын баары кум болуп, / Кесек топо калган жок, / Тозуп кетти ун болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Унчукпас мылтык ок атып, / Оңолбогон кесек ит, / Ичиме салдың малалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →