кеп2

китептерде 4782 жолу, 10 китепте кеп 1 →кеп 3 →
  1. Бир нерсенин сырткы кебетеси, калыбы, түзүлүш формасы.
  2. Башка бир кебетеде болуу, ошого окшошуу, түспөлдөшүү үчүн кийиле турган бет кап, кийим же ошонун сырт кебетесин билдирген нерсе.
  3. Кармалган куштарды салуу үчүн кийизден жасалган баштыкча.
  4. Канаттуулардын, жаныбарлардын туюк сыйрылып алынган терисинен тирүү кезиндегисине окшотуп жасалган кебете.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорого Гүлчоро, / Канча акыл кеп берди, / Ала турган жесириң, / Чачыкейди ал, — деди, / Алыңды айтып Сейтекке, / Аман-эсен кал, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →