кеп1
- Сөз аркылуу берилген ой-пикир, адамдардын бири-бирине айткан, сүйлөгөн сөздөрү Жарайт, калган кепти өзүм таап айтам (Жантөшев).
- Кимдир бирөөнүн жүрүм-туруму, кылыгы, айыбы ж.б. жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн, белгилүү болгон ой-пикир же ар кандай ушак сөздөр.
- Элге жаңыдан угулган, оозго алына баштаган кабар, ар кандай жаңылык, имиш-имиш сөздөр.
- Иштин, белгилүү бир маселенин ж.б. негизи, түйүнү, өзгөчө көңүл бура турган жөнү, маңызы, себеби.
- Мандем, анча белгилүү боло бербеген сыр, себеп.
- Үйлөнүү же көңүл жакын болуу максатында бирөөгө (аялга, кызга) билдирилген сунуш, ой-пикир.
- «Кыйын деле эмес», «кыйынчылыгы жок», «оңой эле», «ит бекер» деген мааниде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчорого Гүлчоро, / Канча акыл кеп берди, / Ала турган жесириң, / Чачыкейди ал, — деди, / Алыңды айтып Сейтекке, / Аман-эсен кал, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →