кейпи2
- Болжолдоо, окшоштуруу, бир нерсе жөнүндө чамалап, болжой баяндоо маанисинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен- мен деген далайдын, / Канын ичтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…л, / Салган куштай тор салып, / Салам айтып таптанып, / Колун сунуп көрүшүп, / Кол учунан өбүшүп: - / Алыстан келип калыпсың, / Ат жарытып алыпсың, / Ажыбайдай кейпиң бар, / Кабыландан кат болсо, / Кабарыңды айта сал, - / Көрүшпөгөн Керкөкүл, / Көрүп жүргөн эмедей, / Билбесе да Керкөкүл, / Билип жүргөн эмедей, / Кебин сурап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өңүндө кызыл каны жок, / Оорубай туруп мунайды / Кең Таласын ошондо, / Кейпи кетип кубарды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →