кейпи1

китептерде 51 жолу, 10 китепте кейпи 2 →
  1. Бирөөнүн же бир нерсенин тышкы кебетеси, көрүнүшү, көзгө элестелген, көрүнгөн жалпы турпаты, формасы.
  2. Бирөөнүн же бир нерсенин белгилүү бир кырдаалдагы көрүнүшү, жалпы ал-абалы, маанайы, шарты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен- мен деген далайдын, / Канын ичтиң, Кененим, / Көрүп туруп кейпиңди, / Өзүм эми келгемин, / Эми кайта жер бетин, / Экинчи көрөм дебегин, / Талпагың ташка керейин, / Тереңди тасма тилейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…л, / Салган куштай тор салып, / Салам айтып таптанып, / Колун сунуп көрүшүп, / Кол учунан өбүшүп: - / Алыстан келип калыпсың, / Ат жарытып алыпсың, / Ажыбайдай кейпиң бар, / Кабыландан кат болсо, / Кабарыңды айта сал, - / Көрүшпөгөн Керкөкүл, / Көрүп жүргөн эмедей, / Билбесе да Керкөкүл, / Билип жүргөн эмедей, / Кебин сурап … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өңүндө кызыл каны жок, / Оорубай туруп мунайды / Кең Таласын ошондо, / Кейпи кетип кубарды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →