кедей2

китептерде 37 жолу, 8 китепте кедей 1 →
  1. Бою өтө кичине, кыска болуу, жепирейип көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кандай жерден шар алса, / Бир кедейди баш кылса, / Хан болуп кедей эл бийлеп, / Касиет кантип токтосун? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Томайагың байыптыр, / Токумдарың кайыптыр, / Жолборсум Көкчө деп жүрүп, / Жолунан мен кул тайыптыр, / Кетечесин кайыптыр, / Кедейлериң байыптыр, / Кербеним Көкчө деп жүрүп, / Кебинен мен кул тайыптыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Кыңк эткен пенде жок болду, / Коркуп барбайт экен, деп, / Жалгызек үч күн токтолду, / Беремин деп айткан мал, / Баары келип топтоду, / Кырк үйлүү Калча бүт кедей, / Сүйүнүшүп шоктонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Короо-короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →