кедей1
- Оокат-тиричилиги начар, турмушу жетишсиз, жарды, кембагал.
- Бир нерседен кемчил, толук жетиштүү эмес, жеткилең боло бербеген абалда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай жерден шар алса, / Бир кедейди баш кылса, / Хан болуп кедей эл бийлеп, / Касиет кантип токтосун?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Томайагың байыптыр, / Токумдарың кайыптыр, / Жолборсум Көкчө деп жүрүп, / Жолунан мен кул тайыптыр, / Кетечесин кайыптыр, / Кедейлериң байыптыр, / Кербеним Көкчө деп жүрүп, / Кебинен мен кул тайыптыр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Кыңк эткен пенде жок болду, / Коркуп барбайт экен, деп, / Жалгызек үч күн токтолду, / Беремин деп айткан мал, / Баары келип топтоду, / Кырк үйлүү Калча бүт кедей, / Сүйүнүшүп шоктонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Короо-короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →