катыр2
- Катуу нерсени чайнаганда же катуу зат менен сүрүп, жанчып майдалаганда качырап чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыйар капыр кектенди, / Кыйамына келгенде, / Кыргыздын кыраан баатыры, / Кыйкырып ураан чакырды, / Кый сүбөөдөн бир сайып, / Кытайдын шорун катырды, / Токтоо кылып турбастан, / Башын кести капырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төрт айактуу айбандан, / Арстан эрге келтирбей, / Эки тулпар кайтарган, / Кабылан Манас баатырың, / Кетмек болчу кансырап, / Аккуласы баатырдын, / Калдыркандын жалбырак, / Жарасын жаап жабуулап, / Кан катырып калдыркан, / Кеткени жок кансырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…радилдин Каратай, / Пилге минген Ороккыр, / Баарын алган Гүлчоро, / Кара сакал балбанды, / Каңгайга калба салганды – / Толтойду алган Гүлчоро, / Сыйкырга жанын катырган, / Кыйазды алган Гүлчоро, / Бүгүн Кутургурдан кем болуп, / Темгил ала тер болуп, / Ушинтип калган болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →