катыр1

китептерде 87 жолу, 9 китепте катыр 2 →
  1. Катуу кылуу, каткан абалга келтирип кургатуу.
  2. өт. Этинен түшүрүү, жүгүрө тургандай абалга келтирүү, таптоо, суутуу.
  3. өт. Талкалоо, таш-талканын чыгаруу, жазасын берүү.
  4. өт. Аябай мыктылоо, келиштирүү, жерине жеткирүү, окшотуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйар капыр кектенди, / Кыйамына келгенде, / Кыргыздын кыраан баатыры, / Кыйкырып ураан чакырды, / Кый сүбөөдөн бир сайып, / Кытайдын шорун катырды, / Токтоо кылып турбастан, / Башын кести капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төрт айактуу айбандан, / Арстан эрге келтирбей, / Эки тулпар кайтарган, / Кабылан Манас баатырың, / Кетмек болчу кансырап, / Аккуласы баатырдын, / Калдыркандын жалбырак, / Жарасын жаап жабуулап, / Кан катырып калдыркан, / Кеткени жок кансырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…радилдин Каратай, / Пилге минген Ороккыр, / Баарын алган Гүлчоро, / Кара сакал балбанды, / Каңгайга калба салганды – / Толтойду алган Гүлчоро, / Сыйкырга жанын катырган, / Кыйазды алган Гүлчоро, / Бүгүн Кутургурдан кем болуп, / Темгил ала тер болуп, / Ушинтип калган болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →