катта2

китептерде 27 жолу, 9 китепте катта 1 →катта 3 →катта 4 →
  1. Кабат-кабат, кат-кат кылуу, үстү-үстүнө кабаттап жыюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аскерди бөлдү үч бөлөк, / Тажик менен жедигер, / Сен коргонго бар, деди, / Коросон менен испанды, / Коргон менен күмбөзгө, / Бирине-бирин каттатпай, / Жолун тосуп кал, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чечдөбө, Кашкар, Анжидан, / Тажикти кошуп алганда, / Хотен, Жеркен, Лопнурдан, / Каттабай тосуп салганда, / Кара калпак, түркмөнгө, / Шаңхай менен бараңга, / Кылдырбай кабар аларга, / Жолун тордоп алганда, / Чиктей менен төрт болуп, / Жалындап күйгө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каттап бенде кечкисиз, / Канатуу учуп жеткисиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким каттабаптыр. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →