катта4
- диал. Чоң, ири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аскерди бөлдү үч бөлөк, / Тажик менен жедигер, / Сен коргонго бар, деди, / Коросон менен испанды, / Коргон менен күмбөзгө, / Бирине-бирин каттатпай, / Жолун тосуп кал, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чечдөбө, Кашкар, Анжидан, / Тажикти кошуп алганда, / Хотен, Жеркен, Лопнурдан, / Каттабай тосуп салганда, / Кара калпак, түркмөнгө, / Шаңхай менен бараңга, / Кылдырбай кабар аларга, / Жолун тордоп алганда, / Чиктей менен төрт болуп, / Жалындап күйгө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каттап бенде кечкисиз, / Канатуу учуп жеткисиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким каттабаптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →