катар1
- мед. Организмдин былжырлуу, илээшме кабыгынын сезгениши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койгон бойдон Малабек, / Козубекке жеткени, / Козубекти атына, / Мингизип жаткан кездери, / Карасурга хан Калдык, / Кайра минди камданып, / Кандуу найза карманып, / Козубек менен Алабек, / Катар сайды кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өтө берип балбандар, / Оңолуп кайра тарткынча, / Эр кененим кабылан, / Жебедей учуп жеткени, / Жер тайантып үчөөнү, / Катар сайып өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Куру калган жериң жок, / Катардан калып Канчоро, / Хан болуп элге тең келдик!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →