катар2

китептерде 366 жолу, 10 китепте катар 1 →катар 3 →
  1. Бирине бири жанаша, бирине бири катарлашкан тизмек.
  2. Биринен кийин бири келген же үстү-үстүнө катарлашкан кабат, ирет.
  3. Сап, сол, кырка.
  4. Ара, топ.
  5. өт. Бири-бирине курбу, теңтуш, катарлаш адамдар.
  6. Барабар, тете, тең келерлик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Койгон бойдон Малабек, / Козубекке жеткени, / Козубекти атына, / Мингизип жаткан кездери, / Карасурга хан Калдык, / Кайра минди камданып, / Кандуу найза карманып, / Козубек менен Алабек, / Катар сайды кара нээт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өтө берип балбандар, / Оңолуп кайра тарткынча, / Эр кененим кабылан, / Жебедей учуп жеткени, / Жер тайантып үчөөнү, / Катар сайып өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куру калган жериң жок, / Катардан калып Канчоро, / Хан болуп элге тең келдик! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →