карта1

китептерде 14 жолу, 5 китепте карта 2 →карта 3 →
  1. Жер бетинин кагазга түшүрүлгөн чиймеси.
  2. Түрдүү оюндарды ойноого ылайыкталган, ар кандай белгилери, сүрөттөрү боюнча төрт топко бөлүнө турган чарчы кагаздар.
  3. Тийиштүү маалыматтарды жазып толтуруу үчүн атайын графаларга бөлүнгөн бланк, барак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан муңканып, / Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Туулгасын көмөрүп, / Намысы үчүн көгөрүп, / Жонунда калкан темирден, / Кара бойу кем эмес, / Орто- карта сеңирден, / Толук кези отуз жаш, / Кутурган иттей элирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акым, Шакым эки дөө, / Орто - карта ал экөө, / Жору куйрук Кызыл алп, / Жолборс жүрөк бөлөкчө, / Мени менен бет келсе, / Бир карачкы көлөкө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дардын атын алышты, / Аса байлап салышты, / Эрлерге урмат билгизип, / Эшик ачып киргизип, / Белендешип шекер, бал, / Керткен казы, бычкан жал, / Ич эти, карын, картадан, / Сүткө бышкан козунун, / Куйругунан канча бар, / Дасторконго койдурган, / Алтымыш уруу андайдан, / Куу менен кыргоол кошо бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жеп, / Куну чөптүн тамырын, / Күндү күнгө улап жеп, / Түндү-түнгө улап жеп, / Ырым кылып Айчүрөк, / Миң үйдөн селбик сурап жеп, / Чөкмөлөп майга буудай жеп, / Карта кертип жалды жеп, / Казыга кошуп балды жеп, / Куурдак менен жайа жеп, / Аркар оту, мамыры, / Кайнатып ичип дабаа деп, / Жан кирип талгак болгондо, / Тоодой бол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тулга кеткен артына, / Казандай болгон кара баш, / Сооттон чыгып жылаңач, / Орто карта боз үйдөй, / Оңолуп кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →