карта2
- Жылкынын майлуу жоон ичегиси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ан муңканып, / Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Туулгасын көмөрүп, / Намысы үчүн көгөрүп, / Жонунда калкан темирден, / Кара бойу кем эмес, / Орто- карта сеңирден, / Толук кези отуз жаш, / Кутурган иттей элирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акым, Шакым эки дөө, / Орто - карта ал экөө, / Жору куйрук Кызыл алп, / Жолборс жүрөк бөлөкчө, / Мени менен бет келсе, / Бир карачкы көлөкө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…дардын атын алышты, / Аса байлап салышты, / Эрлерге урмат билгизип, / Эшик ачып киргизип, / Белендешип шекер, бал, / Керткен казы, бычкан жал, / Ич эти, карын, картадан, / Сүткө бышкан козунун, / Куйругунан канча бар, / Дасторконго койдурган, / Алтымыш уруу андайдан, / Куу менен кыргоол кошо бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
жеп, / Куну чөптүн тамырын, / Күндү күнгө улап жеп, / Түндү-түнгө улап жеп, / Ырым кылып Айчүрөк, / Миң үйдөн селбик сурап жеп, / Чөкмөлөп майга буудай жеп, / Карта кертип жалды жеп, / Казыга кошуп балды жеп, / Куурдак менен жайа жеп, / Аркар оту, мамыры, / Кайнатып ичип дабаа деп, / Жан кирип талгак болгондо, / Тоодой бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тулга кеткен артына, / Казандай болгон кара баш, / Сооттон чыгып жылаңач, / Орто карта боз үйдөй, / Оңолуп кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →