каргы2
- Так түйүлө секирүү, алдыга умтула ыргуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңгычакты болбоду, / Кең кула менен аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Найзаны чыңдап кармады, / Телкүрөңдү каргытып, / Чыңдап кирди сайгалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ачынан кымызын, / Баса койуп абыдан, / “Тамак берсең кишиге, / Өзүң ичип бер” деген, / Өткөндөрдүн кеби экен, / Бул айтканы эп экен, / Сапты айактап кымызын, / Каргыта жутуп жиберип, / Чаначтын оозун имерип, / Мелтилдете толтуруп, / Ичкин, балам, ичкин, деп, / Дембелеп бешти ичирип, / Курсактын ишин бүтүрүп, / Кардын сылап аб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →