каргы1

китептерде 25 жолу, 7 китепте каргы 2 →
  1. Итти чынжырга, жипке байлоого ылайыктап тагылган моюн кайыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгычакты болбоду, / Кең кула менен аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, – деп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзаны чыңдап кармады, / Телкүрөңдү каргытып, / Чыңдап кирди сайгалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мөкүбалду найза алды, / Күүлөнгөн найза күркүрөп, / Эпкини менен найзанын, / Жердин бети дүңкүрөп, / Кой күрөң менен каргытып, / Койуп барат Сейитек, / Баатырдын уулу жалгызың, / Кутургурду теңсинбейт, / Кутургундун ойунда, / Сенден артык эрмин, — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ачынан кымызын, / Баса койуп абыдан, / “Тамак берсең кишиге, / Өзүң ичип бер” деген, / Өткөндөрдүн кеби экен, / Бул айтканы эп экен, / Сапты айактап кымызын, / Каргыта жутуп жиберип, / Чаначтын оозун имерип, / Мелтилдете толтуруп, / Ичкин, балам, ичкин, деп, / Дембелеп бешти ичирип, / Курсактын ишин бүтүрүп, / Кардын сылап аб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →