кара3

китептерде 4911 жолу, 10 китепте кара 1 →кара 2 →кара 4 →
  1. Көмүргө, көөгө окшогон түс, өң.
  2. Ушул түстүн башка өң менен аралашкан, кошулган түрүн атоо үчүн колдонулат.
  3. Жалаң, башка эч нерсе аралашпаган, катышпаган, карандай.
  4. өт. Жазуу.
  5. Адаты, ой-санаасы, адамга кылган мамилеси ж.б. жагынан терс мүнөздө экендигин көрсөтүүдө колдонулат.
  6. Өлүмгө байланыштуу түшүнүктөрдү атоодо колдонулат.
  7. Айыбы, күнөөсү бар, ак эмес.
  8. Кары жок, кар жатпай, карарып турган абал.
  9. Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, даражасы, мансабы жогору деп таанылбаган, жөнөкөй, карапайым кара калк.
  10. Эл, көпчүлүк масса.
  11. Кулдарды, күңдөрдү же башка бейбечараларды кемсинтүү, «кем» деп баалоо маанисинде айтылган эпитет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →