карай1
- Караруу, кара түскө айлануу.
- Калың, жыш болгон нерселер алыстан түнөрүңкү тартып, карарып көрүндү.
- өт. Аябай ачуусу келүү, кыжыры кайноо, түнөрүү.
- диал. Кара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саламатты бузбасам, / Карайт беле Кененим, / Талана бар менде деп, / Көңүлүм ток жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала карай салса, ал жигит баягы өзү тирилтип алган досу экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →