карай2

китептерде 529 жолу, 10 китепте карай 1 →
  1. Көздөй, карата.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саламатты бузбасам, / Карайт беле Кененим, / Талана бар менде деп, / Көңүлүм ток жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала карай салса, ал жигит баягы өзү тирилтип алган досу экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →