кама1
- Туш-тушунан курчоого алуу, тегеректеп имерүү, короого же башка жайга чыгарбай бекитип коюу.
- Камакка алуу, түрмөгө салуу, отургузуу.
- өт. Бирөөнү сөзгө жыгып, уялтып кысымга алуу, сөз менен опузалап, айласын кетирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Багдат, Мисир, Кудусту, / Жөөттөр камап турганда, / Жөндөп берген Кененим, / Барган менен аларга, / Батырбасын билемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн күлүп кеп айтат: / — Абаке, жаткын сен үйдө, / Мен барайын ал жерге, / Сейтек келер он күндө, / Мен келбесем аңгыча, / Жиберип ийгин издерге, / Семетей ага болбоду: / — Кагылайын, Гүлчоро, / Камап келип жоо турса, / Жатып алсам болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →