кайкы1
- Эки жагы көтөрүңкү, орто жери кайкаң келген бел, кыр, жон.
- Орто жери бөксө, кайкалак, белбаскак келген, ийилген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бети жалпак дөң маңдай, / Сыртына кайкы жайык төш, / Мурду тоонун кыр таштай, / Эки көзү жуп көлдөй, / Оройу суук бадырек, / Мурундун ичи өзөндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Жиберген киши мен элем, / Баатырдын уулу Белек, — деп, / Унутуп аны койбогун, / Торгой болор керек” – деп, / Анчалык айтып азыраак, / Кайкыдан кирди кылт берип, / Көрүнүп койуп жылт берип, / Көөнүнө күндө дарт салып, / Көп эле жерде шек берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим үнү эң сүрдүү, / Өмүрүндө Ачакан, / Үн укпаган бул түрдүү, / Үндү угуп шашылып, / Апкаарыды Ачакан, / Кайкыларын биле албай, / Калтаарыды Ачакан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты байагы, / Акбалтанын Чубагы, / Акырайып калыптыр, / Кайкыдан көзүн айрыбай, / Качан атат калмак, деп, / Чакырайып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ашпай турат жедигер, / Ач кайкыдан жол чубап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →