кайкы2

китептерде 62 жолу, 9 китепте кайкы 1 →
  1. Кайып учуу, сызып учуу, бир нерсенин үстүнөн кайып өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бети жалпак дөң маңдай, / Сыртына кайкы жайык төш, / Мурду тоонун кыр таштай, / Эки көзү жуп көлдөй, / Оройу суук бадырек, / Мурундун ичи өзөндөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Жиберген киши мен элем, / Баатырдын уулу Белек, — деп, / Унутуп аны койбогун, / Торгой болор керек” – деп, / Анчалык айтып азыраак, / Кайкыдан кирди кылт берип, / Көрүнүп койуп жылт берип, / Көөнүнө күндө дарт салып, / Көп эле жерде шек берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененим үнү эң сүрдүү, / Өмүрүндө Ачакан, / Үн укпаган бул түрдүү, / Үндү угуп шашылып, / Апкаарыды Ачакан, / Кайкыларын биле албай, / Калтаарыды Ачакан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңгычакты байагы, / Акбалтанын Чубагы, / Акырайып калыптыр, / Кайкыдан көзүн айрыбай, / Качан атат калмак, деп, / Чакырайып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ашпай турат жедигер, / Ач кайкыдан жол чубап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →