каз1
- Мойну узун, тумшугу жалпак келген сууда сүзүүчү жапайы жана үй кушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген беш баатыр, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Оро казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң чыгарга” / Оро казып Кененге, / Өзүм түштүм түбүндө, / Амалым кетип куурулуп, / Сарсанаа болдум бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атагын Бейжин дейт, / Кантун деген ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көр каздырып койбоңор, / Көр убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетейдин өлүгү, / Кай кеткенин биле албай, / Казып көргө көмө албай, / Кан ичме жинди утургур, / Канчоро калды туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →