каз2

китептерде 332 жолу, 10 китепте каз 1 →
  1. Кетмен, күрөк ж.б. куралдар менен жерди чукуу, чуңкур, кылуу, чуңкурайтуу, көөлөө.
  2. Жерден бир нерсени чукуп же аңтарып алып чыгуу, алууга ылайыктап козгоо, бошотуу.
  3. Арык, канал, траншея ж.б. жасоо, куруу.
  4. Көмүрдү же башка кен байлыктарын жер алдынан алуу, алып чыгаруу.
  5. өт. Кандайдыр бир иштин үстүндө талыкпай эмгектенүү, изденүү, үйрөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү, / Каңгайдан келген беш баатыр, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Оро казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң чыгарга” / Оро казып Кененге, / Өзүм түштүм түбүндө, / Амалым кетип куурулуп, / Сарсанаа болдум бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атагын Бейжин дейт, / Кантун деген ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көр каздырып койбоңор, / Көр убалын кантебиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетейдин өлүгү, / Кай кеткенин биле албай, / Казып көргө көмө албай, / Кан ичме жинди утургур, / Канчоро калды туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →