кадоо2

китептерде 4 жолу, 3 китепте кадоо 1 →
  1. Сынган, жарылган, жарака кеткен же сыртынан капталган нерселердин бөлүктөрүн улоо, жарыгын же капталган катмарын эп келиштирип кадаш, бекитиш үчүн эки жагынан бөрктөлүп урулган мык же башка металл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Теке көөдөн тайган төш, / Кулжа мойун жалын көз, / Көмкөрүп койгон чарадай, / Жарашыктуу төрт туйак, / Чаткайагы колоттой, / Жер согору болоттой, / Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жылкыдан чыккан түр сайак, / Күлүктүк сыры боорунда, / Калбыр өпкө кур жүрөк, / Канаты бар сыртында, / Адамдан чыккан Бекбача, / Жылк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тутам болуп кадоодой, / Азуусу чыкты жаныбар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тим кишиге ыктаган, / Тили оозуна жукпаган, / Кай жумушка бет алса, / Кадоосун чыңдап мыктаган / Кеп айтканы шар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жал куйругу түбектей, / Жарашыгын карасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →