кадоо1
- Мал байлаш үчүн жасалган жоон жыгач казык.
- Бөрктүү чоң мык.
- диал. Шыргый, түз бутак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Теке көөдөн тайган төш, / Кулжа мойун жалын көз, / Көмкөрүп койгон чарадай, / Жарашыктуу төрт туйак, / Чаткайагы колоттой, / Жер согору болоттой, / Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жылкыдан чыккан түр сайак, / Күлүктүк сыры боорунда, / Калбыр өпкө кур жүрөк, / Канаты бар сыртында, / Адамдан чыккан Бекбача, / Жылк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тутам болуп кадоодой, / Азуусу чыкты жаныбар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тим кишиге ыктаган, / Тили оозуна жукпаган, / Кай жумушка бет алса, / Кадоосун чыңдап мыктаган / Кеп айтканы шар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жал куйругу түбектей, / Жарашыгын карасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →