када2

китептерде 85 жолу, 9 китепте када 1 →
  1. Жип менен тигип бекитүү, жабыштыра тигүү.
  2. Кадоо салып бекитүү.
  3. Киргизүү, сайып жиберүү.
  4. Чийиндин жанына келип түшкөн чүкөнү (кадамакты) атуу (ордо оюнунда).
  5. өт. Бир нерседен көзүн албай кароо, кадала тиктөө, тигилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Өлөт экен Бекбача, / Кыргыз эсин жыйгыча, / Биз баралы тебелеп” / Деп ойлошуп алышты, / Усун менен маңгыттар, / Чогулуша барышты, / Беш миңчелик кол менен, / Таласка келип калышты, / Кадалуу хандар келгенсип, / Арага элчи салышты, / Элчи келген кезекте, / Эл аралап Бекбача, / Атка минип калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темирбек өлдү көрдүңөр, / Болбой калган жерим ал, / Бир капталым бек ооруйт, / Аңтара сайды кан ичме, / Как өпкөмө кабыргам, / Кадалып калган чени бар... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кадамы катат эмеспи, / Кандай адам катылса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →