када1
- диал. Тирөөч, түркүк.
- Үйрөтүлгөн алгыр куштарды (кыргый, чүйлү, ителги ж.б.) кондуруучу туур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Өлөт экен Бекбача, / Кыргыз эсин жыйгыча, / Биз баралы тебелеп” / Деп ойлошуп алышты, / Усун менен маңгыттар, / Чогулуша барышты, / Беш миңчелик кол менен, / Таласка келип калышты, / Кадалуу хандар келгенсип, / Арага элчи салышты, / Элчи келген кезекте, / Эл аралап Бекбача, / Атка минип калышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темирбек өлдү көрдүңөр, / Болбой калган жерим ал, / Бир капталым бек ооруйт, / Аңтара сайды кан ичме, / Как өпкөмө кабыргам, / Кадалып калган чени бар...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кадамы катат эмеспи, / Кандай адам катылса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →