кагын2

китептерде 15 жолу, 6 китепте кагын 1 →
  1. Кар токтобогон, карын шамал учуруп кетме от жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туурда куштай кагынып, / Туралбай Сарык чамынып, / Ок өтпөскө жасалган, / Олпок тонун жамынып, / Хан Бакайдан бата алып, / Ак калпак кыргыз алаштан, / Алымсарык аттанып, / Тоо экен … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кабылан Сейит камынып, / Карчыгадай кагынып, / Кыргыектей кылт этип, / Нурланып жүзү жылт этип, / Сүйлөдү сөздү шыңк этип: / — Болжолдуу көрдүм күнүңдү, / Сурадың менин түбүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атай көтөк ит уксун, / Кабыргада бит уксун, / Кайта басты кагынып, / Буулумдан кылган чоң ичик, / Буластата жамынып, / Акундун кызы айчүрөк, / Уйалгандан өлбөдү, / Өлүп жерге кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бендеден карып мен болдум, / Канаттуу карып сен болдуң, / Касташып жүрүп бут сынды, / Сен кагынам деп не болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →